Кыргызстандагы Бажы Биримдигине кирүү чечими экономикалык эсептер аркылуу эмес, саясый оңуттуулуктун айынан болуп турганы айкын. Анын айынан импорттук пошлиналардын пайызы бир кыйла көтөрүлөт, ошол эле Кытайдан келип жаткан товардык позицияларга пошлиналарды эсептөө механизми өзгөрөт.

Кыргызстандагы орточо бажы тарифтеринин ставкасы 5,1% болсо, Бажы союзунуку 10,6%. Ар кыл изилдөөлөргө таянсак, импорттук товарлардын баалары 10%дан 100 пайызга дейре көтөрүлүүсү мүмкүн.

Булардын бардыгы баалардын өсүүсүнө алып келет. Кай бир товарлардын баалары бир нече эсе өсө турган болсо, кай бирөөлөрү 20-30 пайызга дагы өсүүсү күтүлүүдө.

Бул, биздин жарандарыбыз үчүн жакшы жышаан эмес, тетирисинче, кийим кечек, жаңы технологиялар жана жабдуулар, жана башка ушул сыяктуу товарлардын бааларынын кымбаттоосу өзгөчө жакыр элдин капчыгын талкалайт.

Анан дагы, Орусия, Казакстан, Белоруссия дүйнөлүк соодада 2 гана пайыз ээлешет, ал эми Кыргызстан жаңы сатуу маркеттерди ачып, дүйнөлүк соодага терең аралашканы биздин атаандаштыкка туруктуулугубузду жана калкыбыздын бакубаттыгын өнүктүрмөк.

Ал эми Бажы биримдиги менен биз протекционисттик, өздөрүнүн Автовазга окшогон заводдорун коргогон коомго киребиз да, тышка чыгуу мүмкүнчүлүгүбүздү азайтабыз – Бажы уюмунун 92% бириккен бажы тарифтери Оруссиянын тарифтерине негизделген.

NO COMMENTS

Leave a Reply