kg

Кыргызстандын Орусия, Казакстан жана Беларусиянын Бажы Биримдигине кирүүдөн кийин боло турган пайдасы жөнүндө анализ жүргүзгөндөн кийин мындай пайданын негизи жок экени билинди.

 

открытое небо

 

 

2011 – жылы кыргыз өкмөтүнүн эң чечкиндүү кадамдарынын бири – Бажы Биримдигине кирүү чечими болду. 2011-жылдын 19-октябрында Бажы Биримдигине кирген мамлекеттер Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүү өтүнүчүн канааттандырды. Биримдике кирүүнүн техникалык маселелерин кароо үчүн атайын адистештирилген жумуштук топ түзүлгөн. Эскертип кетчү нерсе, Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоосуна таасир этчү маанилүү чечимди, өкмөт коомдук жана парламенттик талкуулоодон өткөрбөй туруп эле кабыл алып койгон.

 

Бажы Биримдигине кирүү чечимди биздин өкмөт келечекте айыл-чарба жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн көбөйүшүн, сатуу базарларынын кеңейишин, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү жана инвестициялардын агып келүүсү мүмкүн деп түшүндүрөт. Бул макалада Бажы Биримдигине киргенден кийин боло турган пайдалар шектүү жана негизсиз экени көрсөтүлөт.

 

Бажы Биримдиги бул протекционисттик (коргонуучу) уюм. Бирдиктүү бажылык тарифтин 92 пайызы – Орусиянын тарифи. Мындай коргонуу менен Орусия өзүнүн өндүрүшүн импорттон сактап, ошону менен бирге Бажы Биримдиктин ичиндеги өлкөлөрдү орусиялык продукцияга өтүүсүн мажбур кылат. Мындай коргонуу ыкмасынын колдонуу себеп катары орусиялык продукциялар башка чет өлкөлүк продукциялар менен атаандаша албагындыгын тастыктайт.

 

Ар кандай формадагы протекционизм элдин берекелүү жашоосуна тоскоол болот жана эркин сооданы чектеп, товар менен тейлөөгө болгон бааны өстүрүүгө алып келет. Бажы Биримдигине кирүү экономикага жана элдин жашоо деңгээлине бир топ таасирин тийгизет.

 

Бажы Биримдигине кирүү Кыргызстанга бир топ терс натыйжаларды алып келет:

 

  1. Кыргызстанда орточо бажылык тарифи 5,1% болсо, Бажы Биримдигинде – 10,6%. Биздин бажылык тариф эки эсеге аз. Бажылык пошлиналардын көбөйүшү бизге импорттолгон баардык товарлардын бааларынын өсүшүнө алып келет. “Келечек Долбоору” аттуу фонд тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде импорттолгон товарларга баа 10 пайыздан 100 пайызга өсөт. Автоунааларга болгон бажылык төлөмдөр жылына жана моторунун көлөмүнө жараша 2 эседен 4 эсеге чейин кымбаттайт. Товарга болгон баанын өсүшү инфляциянын өсүшүнө алып келип, гиперинфляцияга чейин барышы ыктымал. Натыйжада элдин жашоо турмушу начарлап, кедейлик өсөт. Көп сандагы алып келинген азык-түлүктөр, Өзбекстандан, Түркиядан, Кытайдан келген жашылча менен жемиштердин баасы бир топ кымбаттап, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурат.
  2. Импорттолгон кайра иштелүүчү материалдар аз көлөмдө гана алынып келинет. Анткени, буларга баалар өсүп, кыргызстандын товарларынын атаандаштыгы төмөндөйт. Мисалы: тигүү тармак.
  3. Азыркы убакта Кытайдан келген көп продукциялар боюнча бажылык төлөмдөр жеңилдетилген схема аркылуу өтүп келет. Азыркы бажылык төлөмдөр 1 килограмга 28 цент болсо, Биримдике киргенден кийин 4 еврого чейин жетет. Бул кытайлык товарлардын реэкспортунун кулоосуна алып келет. Айтып кетсек, мындай алып-сатуу менен Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын 20 пайызы же 500 миң адам оокат кылып жатышат. “Дордой”, “Карасуу” деген чоң-чоң базарлардагы сатылуучу товарлардын 85 пайызы кытайлык товарлар. Дүйнөлүк Банктын билдирүүлөрүнө таянсак, 2008-жылы “Дордой” менен “Карасуу” базарларындагы товар алмашуу 3,5 млрд. долларды түзүп, бул биздин Ички Дүң продукциябыздын 68 пайызын түзгөн. Эгерде Бажы Биримдигине кирбей калсак, Карасуу аркылуу Өзбекстан менен Тажикстанга дагы деле реэкспорт боло берет. Түштүк аймакта соода кирешенин негизги булагы болуп эсептелет. Бажы Биримдигине киргенден кийин бул элдердин бардыгы жумушу жок калышат жана мындай абал коомдо нааразычылык туудурат.
  4. Бажы Биримдикте бажылык төлөмдөрдөн түшкөн киреше кийинкидей пропорцияда бөлүнгөн: Казахстан 7,0%, Белорусия 5,3%, Орусия 87,7%. Мындай бөлүшүүдө Кыргызстандын үлүшү кандай болоору али белгисиз. Албетте, Кыргызстандын үлүшү Белорусиядан аз болот.
  5. Бажы Биримдигиндеги өлкөлөрдүн бюджети экспорттон түшкөн салык менен бажылык төлөмдөрдөн куралат. Ал эми биздин өлкөнүн бюджети көбүнчө импорттон куралат. Башкача айтканда, Бажы Биримдиктеги өлкөлөр экспортко багытталган, Кыргызстан болсо импортко багытталаган.
  6. Бажы Биримдикте жогорку бийлик – Бажы Биримдиктин Комиссиясы түзүлөт. Комиссияда болгон чечимдер добуш аркылуу чечилет. Бул добуштар мындайча бөлүнгөн: Орусия – 57%, Казакстан менен Белорусия – 21,5%. Мындай болсо Кыргызстан тышкы экономикалык саясатты аз алдынча жүргүзө албай калат.
  7. Бажы Биримдигиндеги өлкөлөр (өзгөчө Орусия) менен болгон товар алмашуу өсүп жатат. Бирок, Кытай менен салыштырганда тескерисинче кыскарат. Акыркы жылдарда мурунку Совет өлкөлөрүнүн бири-бирине болгон экономикалык көз карандылыгы кыскарган. Айтып кетчү нерсе, Кытайдын статистикасына таянсак кытайлык экспорттун биздин өлкөгө кирген көлөмү 10 млрд. долларды түзөт. Бул маалымат көрсөткөндөй, биздин эң негизги соода өнөктөшүбүз бул Кытай. Кытайлык жана кыргызстандык тараптардын статистикалык маалымат жактан болгон айырмасы, кытайлык импорт биздин өлкөдө салмагына жараша бажылык тазалоодон өтөт жана бул азыраак бажылык төлөмдөр реэкспорт болгон продукцияга кошумча атаандаштык берет.
  8. Кошумча нарк салыгынын ставкасы биздин өлкөдө 12% болсо, Бажы Биримдигинде 17%. Кошумча нарк салыгынын өсүшүнүн натыйжасында да Кыргызстанга импорттолгон товарлардын баасы жогорулайт. Жаңы бажы төлөмдөрү менен салыктын көбөйүшү товарлардын баасын асманга чыгарат. Орусиялык жана казакстандык товарларга баа төмөндөбөйт. Мындай абал инфляциянын өсүшүнө, акчанын күчү кетип, керектелүүчү товарларды сатып алуу кыйын болуп калат. Керектөөчүлөр айла жоктон Бажылык Биримдиктеги өлкөлөрдөн чыккан продукцияларды алууга мажбур болушат. Бирок, сапаты жактан чет өлкөлүк продукцияларга жетпейт.
  9. Бажы Биримдике катышуунун дагы бир маселеси бул – биздин өлкө Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсү болгондугунда. Биздин мамлекет бул уюмга мүчө болуп киргенден кийин өз алдынча бажылык төлөмдөрдү өзгөртө албайт. Анткени, биздин мамлекет өзүнө милдеттенме алган. Дүйнөлүк Соода уюмунун бажылык тарифтери Бажылык Биримдике такыр эле туура келбейт. Эгерде биз өз алдыбызча бажылык тарифтерди котөрсөк, анда Дүйнөлүк Соода уюмунун башка мүчөлөрүнө компенсация төлөө жөнүндө маселе пайда болот. Мындай компенсация жүздөгөн млн. долларды түзүшү мүмкүн.

 

Бажы Биримдигине кирүүнүн боло турган пайдалары:

 

  1. Өзүбүздүн продукциябызды сатуу аймак кеңейиши менен өндүрүш тармак өнүгөт. Бирок, мындай пайда шектүү, анткени азыр ЕврАзЭСтин алкагында Кыргызстан менен Бажы Биримдигине кирген өлкөлөрдүн ортосунда деле товарларга бажылык төлөмдөр жок. Демек, өндүрүш тармакта деле кандайдыр бир өзгөрүүлөр болбойт. Эскертип кетчү нерсе, биздин продукциябыз башка продукциялар менен атаандаша албайт.
  2. Пошлинасыз Орусиядан келген күйүүчү майлуу заттар (КМЗ). Эгерде биз Бажы Биримдигине кирбесек Орусия тарабынан КМЗга болгон экспорттук пошлиналарды киргизүү – апыртуу болуп саналат. Бирок, мындай коркунуч туулса Кыргызстан дипломатиялык жол менен Орусия өнөктөшүбүзгө ЕврАзЭС менен КМШ алкагында эркин соода жүргүзүү жөнүндөгү келишимди эскертип коюуусу ыктымал. Дагы белгилеп кетчү нерсе, Кыргызстан Орусияга достук жана стратегиялык өнөктөш. Мындай экспорттук пошлиналарды Орусия киргизе турган болсо анда калк арасында Орусиянын өкмөтүнө терс нараазычылык пайда болот. Анткени, биздин калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү бир топ төмөн. Эгерде КМЗга болгон баа жогоруласа КМЗны ташуунун диверсификациясына алып келет жана мындай абал Орусия тарапты канааттандырбайт. Биздин өкмөт тарабынан КМЗнын баасын түшүрүү үчүн кошумча чара катары акциз жана башка салыктардан мунай ташуучуларды бошотуп койсо, 1 литр бензинге болгон баанын жогорулашы орточо эсеп менен 4 сомду түзүшү мүмкүн.
  3. Инвестициялык жагымдуулуктун өсүшү менен Кыргызстандын аймагында өндүрүштөр пайда болуп, чет элдик түз инвестициялардын өсүшүнө алып келет. Биримдике кирүү менен Бажы Биримдиктин ичиндеги мамлекеттерден келген түз инвестициялардын өсүшү күтүлбөйт. Инвесторлорго жакшы шарт түзүлгөндө гана (жеке менчике болгон кепилдик) инвестияциялардын мамлекетке келүүсү күтүлөт жана инвестияциялардын мамлекетке келүүсү Бажы Биримдигине кирүү менен байланышы жок.
  4. Эмгек мигрантары үчүн Бажы Биримдиктин ичинде жакшы шарттар түзүлө т. Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу жана укуктарын коргоо үчүн атайын мамлекеттик саясат болуш керек.

 

Жыйынтык жана сунуш:

 

  1. Бажы Биримдигине кирсек – инфляция жогорулайт, өлкөдөгү эки чоң базардын жабылышына алып келет, тигүү жана башка тармактын атаандаштыгы төмөндөйт, тышкы экономикалык саясатта көз карандалыгыбызды жоготууга алып келет ж.б.
  2. 2011-жылдын 16 декабрында Орусияны Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө кылып кабыл алышты. Казахстан менен Белорусия бул уюмга киребиз деп сүйлөшүүлөрдү жүргузүп жатышат. Балким кийинки жылы алар мүчө болуп киришет. Ошондуктан, Бажы Биримдигине кирүү чечими шектүү жана негизсиз экенин дагы бир жолу аныктадык. Эгерде биздин өкмөт туура саясат жүргүзсө анда Орусиянын Дүйнөлүк Соода Уюмуна кириши менен өлкөнүн экспортун жана реэкспортун көбөйтсөк болот.
  3. Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмунда жана ЕврАзЭСте болгон мүчөлүгүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук колдоно албай жатат.
  4. Реэкспорттун атаандаштыгын сактап калыш үчүн бажылык төлөмдөрдү нөл тарифине түшүрүү менен тарифдик эмес, административдик тоскоолдорду жок кылыш керек. Мындай чаралар сооданын көлөмүн жогорулатып, импорттолгон товарларга баанын төмөндөшүнө алып келет. Бажылык төлөмдөрдү азайтуу менен бюджеттин чыгымын кайра сооданын көлөмүнүн жогорулашынын натыйжасында салык төлөмдөрү жогорулап, кайра бюджетке келип түшөт. Мындай чаралардын жыйынтыгы катары бажы системасындагы паракорчулукту жокко чыгарса болот. Анткени, нөлдүк бажылык төлөмдөрдү киргизүү менен административдик тоскоолдорду алып салганда пара берүү шарттары жок болот.
  5. Бажы Биримдигине кирүүсү менен келечекте Кыргызстан ОАЭ, Сингапур, Гонконг сыяктуу аймактык соода борборуна айлана албайт. Бажы Биримдигине кирүү Кыргызстандын экономикалык жана инновациялык өнүгүүсүнө бут тозот.

 

Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүүдөн кийин боло турган пайдасы жөнүндө анализ жүргүзгөндөн кийин мындай пайданын негизи жок экени билинди. 

 

CAFMI, 26 декабрь 2011 

Бишкек, Кыргыз Республикасы

NO COMMENTS

Leave a Reply