– Бажы биримдигинин негизги мүчөлөрү бир учурда Кыргызстан менен макулдашылбаган “Жол картасына” кол койдурууга аракет кылышкан. Улуттук кызыкчылыгы сакталган шартта гана Кыргызстан Бажы биримдигине киребиз деп баш тартканбыз. Евразия экономикалык комиссиясы менен азыркы “Жол картасындагы” айрым шарттар боюнча бир пикирге келе албай жатабыз. Пайда биз тараптык болот дегенге ишенесизби? Бажы биримдигинен башка альтернативалуу жол жокпу?

Жумакадыр АКЕНЕЕВ:
“Жол картасына кол койсок эле кирип кетебиз деп атышат”
– Учурда Бажы биримдигине биз эмес, Бажы биримдиги бизге керек болуп жатпайбы. Бир топ эл буга чейин Бажы биримдиги жок эле өз алдынча Кытай товарларын киргизип, сатып ошонун тегерегинде оокат кылып аткан. Азыр Бажы биримдиги иштеп калды. Буга эч тоскоолдук кыла албайбыз. Себеби, үч мамлекет өзүнчө экономикалык аянт түзүп, бири-бири менен иштешип атат. Бул биздин экономикабыздын өсүп-өнүгүшүнө аябай токсоол болуп атат. Анткени, биздин экономикабыз Бажы союзуна кирген мамлекеттердин экономикасы менен байланышкан. Аларсыз биз эч нерсе кыла албайбыз. Ошондон улам аргасыз “Бажы биримдигине киребиз” деп арыз бердик. Бирок, кирердин алдында биз өз кызыкчылыгыбызды сактап калууга аракет кылып атабыз. Эгерде бизде Бажы биримдигинен башка жол болсо, ошол жол менен эле кете бермекпиз. Тилекке каршы, экономикабызды сактап калуу үчүн бир гана жол Бажы биримдигине кирүү болуп атат. Алар бизди алабы же албайбы, бул башка маселе. Азыркы шартта “Кытайдан келген товарлар чегарадан башаламан өтүп атат, биз буга каршыбыз, албайбыз” деп атышат. Ошондуктан азыр киребиз деген күндө да бизге бир 1,5-2 жыл керек. Айрымдары Жол картасына кол койсок эле кирип кетебиз деп атышат. Маселе андай эмес. Биз аларсыз өз турмушубузду алып бара албайбыз.

Эмил ҮМӨТАЛИЕВ:
“Бажы биримдиги үлгүсүнөн күчтүүрөөк технология бар”
– Альтернативдүү жол сөзсүз бар да. Бажы биримдигине кирбей койсок да альтернатива. Эгерде биз өз мамлекетибиздин өнүгүшү тууралуу сөз кыла турган болсок, сөзсүз бар. Анткени, дүйнө жүзүндө 180ден ашуун өлкө бар. Ошонун бардыгы менен кызматташууга аракет кылыш керек. Бажы биримдиги бул биринчи кезекте ошол үч өлкөнү башка өлкөлөрдүн соода мүмкүнчүлүктөрүнөн чектөө максатында түзүлгөн. Ошондуктан, биз үчүн көбүнчө башка өлкөлөр менен соода мамилесин түзүү пайдалуу. Мындан сырткары, Европа уюмунун атайын өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн сунуштары бар эле. Ошол сунуштар менен иштей элек экенбиз. Көрсө, алардын биздин өкмөткө сунган колун кабыл албаптырбыз. Биз ошону изилдешибиз керек. Андан сырткары Бажы биримдигинин өкүлдөрүнө караганда жаныбыздагы эле жакындыкта аябай дүркүрөп өнүгүп турган Тайвань, Макау, Гонконг, Тайланд, Малазия деген аябай ийгиликтүү зоналар турат. Ошолордун бардыгы менен кызматташуу бизде толук өнүгө элек. Ал жакты көздөй соода жолдорун толук ачып иштете элекпиз. Алар менен кызматташышыбыз керек. Бизде Бажы биримдиги үлгүсүнөн күчтүүрөөк тажрыйба, технологияларыбыз бар.

Мирсулжан НАМАЗАЛИЕВ:
“Ар бир жарандын капчыгына залакасы тийет”
– Тилекке каршы, Бажы биримдигинин терс таасирлери көп. Бул ар бир жарандын капчыгына, экономикабызга оор залакасын тийгизет. Учурда бийлик соодалашып жатканы менен Казакстан, Орусия “Биз эмне үчүн силерге жеңилдиктерди беришибиз керек?” деп айтып жатышат. Аларды түшүнсө болот. Себеп дегенде, алар Бажы биримдигин тышкы өлкөлөр үчүн жол жаап, өз товарларын сатуу үчүн түзүп жатышат. Альтернативалар абдан көп. Азыр “vsplus” деген программа бар, бул кеңири жеңилдетилген системалар процесси деп аталат. Өнүккөн өлкөлөр биздей өлкөлөр үчүн абдан аз соода кошумдарды жарыялайт. Эмне үчүн биз буга катыша албайбыз? Эгерде катыша турган болсок, биз үч өлкөгө эмес, дүйнө жүзүнө чыгып алмакпыз.

Сейтек БАЙГУТТИЕВ:
“Терс таасири болбосо, кирсек туура эле”
– Бажы биримдигинин терс таасири болбосо, кирсек жакшы болмок. Бирок, бир союздагы Орусия, Казакстан, Белоруссия менен болгон мамилебиз бир чети жакшы. Тышкы терс күчтөрдөн коргоочу кепилдик болуп, соода тармагын өнүктүрүүгө шарт түзүлмөк. Эгерде биз өнүгүп соода тармагына жакшы шарт түзсөк, жалаң эле импорт алып келбей, экспортту дагы чыгарып турсак жакшы эле болот эле. Бирок, бизге жалаң импорт келсе, экономикабызга терс таасирин берет. Бажы биримдигине бара-бара киргенибиз туура эле. Анткени, бул убакыттын талабы.

Айылчы САРЫБАЕВ:
“Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араа сынат”
– Бажы биримдигине кирүүнүн терс дагы, оң да жактары болуп атпайбы. Биринчиден, бул биримдикке кирип алар менен достук мамилебизди чыңдап, оокат кылганыбыз жакшы. Экинчиден, сөзсүз эле Бажы биримдигине киргенден кийин мамилебизди бекемдейбиз дешсе, анда биздин ички маселелерибиз кандай болот? Элибизди өзүбүз багышыбыз керек. Бул жерде “өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араа сынат” дегендей болуп атат.

Собол салган
Кымбат ТУРДУБЕКОВА

http://presskg.com/asaba/14/0417_4.htm

NO COMMENTS

Leave a Reply