“Айды этек менен жаба албайсың, байлыкты бекер жерден таба албайсың” деген сөздү биз дайыма эле угуп жүрөбүз. Анын мааниси бекер эч нерсе жок дегенди түшүндүрөт. Ошого карабастан, бүгүнкү күндө иштеп жаткан Конституциянын негизинде, биз бекер орто билим алууга укуктуубуз. Кимисине ишенээриңди да билбейсиң: мамлекеттин негизги мыйзамынабы же элдик макал-лакапкабы? Ушул суроону терең изилдеп көрсөк, “бекер” деген тескерисинче өтө кымбатка туруп калат экен.

Баардык эсеп-кысаптын баарын жарандар төлөшөт 

Мисалы, Кыргызстандагы мектептеги бекер билим берүүсү – PISA уюмунун отчетунда начар деп таанылган, ушул изилдөөлөрдүн негизинде 65 мамлекеттин ичинен Кыргызстан эң акыркы орунду ээлеген. Азыркы жаш муундар заманбап билим ала алышпайт, себеби, аларды  мындан 30-40 жыл мурун жазылган эски китептер менен окутушат. Ал эми жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жөнүндө сөз кылсак, дүйнөлүк эмгек базарын айтпай эле коелу, өзүбүздүн эле эмгек базарда көпчүлүгү атаандаштыкка туруксуз жана аларга болгон суроо-талап да  өтө төмөн.

Жеке менчик мектептерди жана жогорку окуу жайларын ачуудагы бут тосууларды кыскартканга мамлекет кам көрбөйт, эгерде бут тосууларды кыскарта турган болсок, билим берүү мекемелеринин арасында атаандаштыкты жогорулатууга жакшы шарттарды түзүп бермек. Мамлекет – бул билим берүү системасындагы монополист, билим берүүнүн сапаты начар болуп, бул тармакка мамлекет атаандаштарын киргизгиси келбейт. Бул жолкусунда да көзөмөлгө алганга аракет кылып жатат, билим берүү тармагын көзөмөлгө алуу эмнеге алып келээрин эч түшүнбөстөн.

Бекер эч нерсе болбойт дегенди жүйөлүү ойлор бышыктап келет. Бекер деген нерсеге бирөө төлөшү керек, бирок бирөө деген салык төлөгүчтөрдүн эсебинен жашап келген мамлекет эмес да. Биз, жарандар акыр аягы ошол эсеп-кысаптарды өзүбүз төлөйбүз. Анын ичинде “бекер” билим берүү дагы бар. Чыгаан экономист Фредерика Бастианын айткан сөзү бар: “Баары мамлекеттин эсебинен жашагылары келет, бирок алар жаңылышат, мамлекет алардын эсебинен жашарын”.

Суроо-талап бар, бирок сунуш жок

Мамлекет коомдук карым-катнаш системасында – жакшылык кылуучу ортомчу катары саналат. Бул ортомчу дайыма төлөмдөрдү алат, бирок өз ишин начар аткарат. Кардарларды тоотпогон мамиленин себеби – монополия. Тилекке каршы, биз мамлекеттик начар сапаттагы кызматтан баш тартып, жеке сапаттуу кызмат көрсөтүүчү мекемени тандашыбыз керек. Мамлекеттик билим берүү мекемелеринен көңүлү калган окуучулар жеке мекемелерге которулуп кетишет, ошого байланыштуу монополист жеке билим берүү мекемесинин пайда болушун каалабайт. Мамлекеттин ичинде атаандаштыктын жоктугуна байланыштуу, практика жүзүндө адамдардын мамлекеттик кызматтан баш тартып, чет элдик мектеп жана жогорку окуу  жайларын тандап жатканын көрүп атабыз. Миңдеген биздин жарандар башка өлкөлөргө чыгып кетип жатышат. Демократиянын ураандарына карабастан, мамлекеттик машине эл үчүн иштебей, канчалаган салыктарды талап кылып, анын ордуна эч нерсе бере албай келет.

Мектептеги билим берүү системасына кеткен көптөгөн каражаттар эч кандай жыйынтыктарды бере элек  жана бербейт дагы. Мамлекеттик чыгымдарды канча бир эсеге көбөйтсөк дагы жыйынтык бербейт. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мектеп окуучуларынын ата-энелеринин суроо-талаптарын канаттандыруу үчүн билим берүү министрлигинин, муниципалдык жетекчилеринин, мектеп директорлорунун кызыкчылыгы жок. Бир гана жеке сектор жогорудагы суроо-талаптарды канаттандырганга кызыкдар, ошо себептен мамлекеттик секторго караганда эффективдүүрөк иштейт.

Салыкты төмөндөткүлө, бут тосууларды алып таштагыла жана окуучуларга өз эшигин ачкан жаңы жеке менчик мектептерге тоскоолдук кылбагыла. Ата-энелер өздөрү чечишсин, балдарын кайсы мектепке жөнөтөөрүн: жекеби же мамлекеттикпи.

Жеке менчик мектептердеги билимдин сапаты, мамлекеттикине караганда бир топ  жогору.

Бул жерде бир жүйөлүү суроо туулат: Калктын көпчүлүк катмары үчүн жеке мектептердин эшиги ачыкпы? Чындыгында, азыркы учурда жабык, себеби атаандаштыктын жоктугу: билим берүү чөйрөсүнө чыгууга билим берүү министрлигинин жүздөгөн жасалма талаптары бут тосууда. Эгерде ошондой бут тосуулар жок болгондо, жеке менчик мектептердин саны өсмөк. Анын натыйжасында билимге болгон баа төмөндөмөк.

Кытайдагы, Индиядагы, Ганадагы, Кениядагы колунда жок үй-бүлөлөрдөн чыккан  миллиондогон балдар жеке менчик мектептерде окушат. Изилдөөлөр көргөзгөндөй, бул мамлекеттердеги жеке менчик мектердеги билимдин сапаты, мамлекеттик мектептеги билимден алда канча жогору турат. Негизи, билим берүү бул кызмат болуп саналат, мисалы чач тегиздегичтин же наабайканачынын кызматы сыяктуу.

Биз өзүбүзгө жөнөкөй суроолорду берип көрсөк: кайсы мектептерде, мамлекеттикпи же жеке менчикпи:

  • Сапаттуу жана ар тараптуу билим берилет?
  • Билим берүү программалары дайыма жаңыртылабы жана толукталабы?
  • Заманбап жабдуулар менен камсыздалабы?
  • Окуучуга жакшы мамиле жана индивидуалдуу мамиле жасалабы?
  • Окуучулардын тартиби жана коопсуздугу корголобу?
  • Мектеп рэкети жокко эсеби?

Жообу талашсыз. Эмнеге, ушундай учурда жеке окуу жайларынын пайда болушуна жана иштешине мамлекет тарабынан бут тосуулар болушу керек?

Өзүнүн балдары үчүн сапаттуу билимдин керек экенин ата-энелер түшүнүшөт жана ага алардын балдары өтө муктаж. Биздин коомдо билим берүү кызматындагы жогорку жана стабилдүү суроо-талап эчак эле калыптанып калган, бирок сунуштар жасалма түрдө чектелген, ал эми ата-энелер өз балдарын мамлекеттик мектептерге бергенден башка эч айласы жок, же болбосо аларды чет өлкөлөргө окутууга жөнөтүү.

Заманбап дүйнөдө билим бул жетиштүү коомдун жана өнүккөн экономиканын олуттуу негизи болуп саналат. Билимдүү жарандар – улуттун стратегиялык ресурсу.  Жыйынтыгында биз монополист-мамлекетке өзүбүздүн жетиштүү келечегибизди “бекер” деп аталган үчүн төлөйбүз.

NO COMMENTS

Leave a Reply