CAFMI «2010 Темплтондун сыйлыгы эркиндикдикти жылдырууда чеберчилик» премиясын студенттерди тартуудагы эӊ жакшы ыкма категориясында жеӊүүчү болду. Бул сыйлыкты башкарган Атлас Экономикалык Изилдөө Фонду CAFMIнин Жибек Жолун эркиндетүү демилгеси үчүн ыйгарды.

t

Демилге жаштарга негизги эркин коомдун идеяларын көрсөттү, жеке эркиндикке, эркин базарга жана мыйзамдын жогоруу турушуна өзгөчө көӊүл бурууга багытталган эле. Ага жумалаык мектептер, кинокөрсөтүүлөр, талкуулоо форумдары, анын ичинде ReCamp жана IdeaNight ишаракеттери кирген. Программа 2009 жылдын апрелинен 2010ж. июнга чейин өткөрүлүп, Кыргызстандын жана Таджикистандын эӊ чоӊ төрт шаарларында өтүп, 1500 ашуун жаш катышуучуларды тарткан.

Бул сыйлык CAFMIнин эң алгачкы алган эл аралык сыйлыгы, ошондуктан Темплтондун сыйлыгы абдан маанилүү болуп эсептелет. «Биз бул сыйлыкты алганыбыз үчүн абдан кубанычтабыз, мындан дагы көп сыйлыктарды алганга аракет кылып жатабыз», дейт CAFMIнин директору Мирсулжан Намазалиев.

CAFMI менен катары бул сыйлыкты «2010 этика жана нарк» сыйлыгын Америкалык «Эркин тандоо тармагы» izzit.org аттуу долбоору үчүн алды. Бул демилге 19 миллион америкалык студенттерди өзүнө оригиналдык видео тартуу жана таркатуу менен өзүнө тарткан. 1 миллиондон ашык магалимдер менен иш алпарып, 117000 мугалимдерге видеокурстарды камтыганDVDлерди жөнөтүшкөн.

2010 жылы 10 өлкөнүн көрүнүктүү талдоо борборлору Темплтондун сыйлыгына эркиндикти таркатуудагы жетишкендиктери үчүн ээ болушту. Бул жылы, 16 жеңишке жеткен уюмдар 132 талапкерлердин арасынан тандалып, 48 мамлекеттен көз карандысыз эксперттик топ аркылуу тандалып алынган.

Ыраматылык инвестор жана филантроп сэр Джон Темплтондун атынан коюлган сыйлык 2003 жылдан баштап уюштурулуп келе жатат жана азыркы учурда эӊ чоӊ эл аралык приз болуп эсептелет. Темплтондун программасы акыркы 7 жылдын ичинде $ 1,5 млн. ашык акча приз жана грант түрүндө берген. Бул жылы программа ар бир жеӊүүчүгө 10,000 доллардан сыйлык берди.

Сыйлыктар ар кандай категориялар менен берилет, алардын арасында: эркин базар жолдору менен жакырчылык көйгөйлөрүн чечүү, коомдук ишмердик, этика жана нарк, студенттерди тартуунун эӊ жакшы ыкмасы, коомдук мамиледеги демилге, инновациялык ММК жана атайын жаш институттун жетишкендиктери үчүн берилет.

CAFMI, 11 ноябрь 2010

Бишкек-Вашингтон

NO COMMENTS

Leave a Reply