– Мирсулжан мырза, өлкөбүздүн түштүк аймагында бир нече айдан бери жаратылыш газы жок болуп атканы белгилүү. Буга байланыштуу мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев түштүк аймагындагы табигый газды колдонуучуларды суюлтулган газга өткөрүү керек экендигин билдирди. Бул боюнча оюңуз кандай?

– Албетте, кандай гана көйгөй жаралбасын аны чечүүнүн ар кандай жолдорун караш керек. Эгерде Өзбекстан газды берүүнү ушуну менен токтотуп, кепке келбей турган болсо, анда суюлтулган газга өтүү туура кадам. Ошол эле учурда коңшу мамлекеттер менен да жакшы мамиледе болгонго аракет кылуу керек.

– Жаратылыш газы менен суюлтулган газдын баасында айырмачылык кандай болушу мүмкүн. Ага өтүүнүн механизмдери канча убакытты талап кылат?

– Мен мисалы Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайм. Ал эми апам жер тамда жашайт дагы газды баллон менен сатып алып колдонот. Ошондой экөөнүн баасында айырма болуп калат. Тактап айтканда, баллон аркылуу кымбатка түшөт. Андыктан суюлтулган газга өтөөрдө анын баасы канча боло тургандыгын да алдын-ала эсептеп, айтып коюшса туура болмок.

NO COMMENTS

Leave a Reply