Оюн-зоок ишмердүүлүгүнүн Кыргызстан калкынын социалдык-экономикалык абалына тийгизген таасири кандай?

Кыргызстандагы казинолорго келип-кетүүчүлөрдүн 70 пайыздан ашууну четтен келгендер – Казакстандын, Россиянын, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн жарандары. Алар жыл сайын республикага оголе көп накталай валюталарды алып келишүүдө, анын жалпы суммасы Кыргызстанга келип жаткан кыйыр инвестициялардын көлөмүнө барабар. Кыргызстанда оюн-зоок иштерине тыюу салынса, бюджетке 16 миллиард сом түшпөй калат.

Изилдөө Мамлекеттик салык кызматы, Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде даярдалган. Ага ылайык, бюджетке түшө турган киреше түздөн-түз 16 миллиард сомго азаят. Мындай кыйыр жоготуулар эсептелген эмес. Ошондуктан мамлекеттик бюджет мындан да көп акчаны жоготушу мүмкүн экени белгиленген.
Оюн-зоок ишине тыюу салуу менен бул чөйрөдө иштегендердин кирешеси кескин азаят. Изилдөөнүн жыйынтыгында оюн-зоок ишмердүүлүгү чөйрөсүндө 12 миң 610 адам иштеп жатканы белгилүү болгон.

БУЛ ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ОРУС ТИЛИНДЕ БУЛ ЖЕРДЕН АЛА АЛАСЫЗ (4,1 мб, .PDF)

CAFMI, 25 ноябрь 2011

Бишкек, Кыргыз Республикасы

1

NO COMMENTS

Leave a Reply