Бишкекте ишкерлер Жогорку Кеңеш депутаттарынын жарнамалык такталарга (билборд) тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбооруна каршы чыгышууда. Алар Бишкек шаарынын бийлиги чече турган маселеге Жогорку Кеңеш мыйзамсыз кийлигишүүдө деген жүйөөсүн айтышууда. ЖКнын депутаттары Дастан Бекешов менен Асия Сасыкбаева жарнамалык такталар шаардын түштүк жагындагы тоолорду көрсөтпөй тосуп калып жатат деген негизде билборддорду ситиборддор менен алмаштырууну сунуш кылып, “Реклама жөнүндө” мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылышкан.

Билборд шаарга көрк береби?

Атуулдук активист Мирсулжан Намазалы көчө бойлой асылган билборддорду алып салууга караманча каршы экенин айтууда. Анткени алар жок болсо бир жагынан шаар кооздугу бузулат, экинчиден бул сунуштун өзү экономикалык принциптерге каршы келет деп эсептейт.

“Ишкерлерге тиешелүү ар бир мыйзам долбоору регулятивдик таасири боюнча анализден өтүп, ага ишкерлер жана ишкерлер ассоциациялары катышышы керек болчу. Бирок бул жерде андай болгон жок. Анын үстүнө реклама телевидение, радиолорго караганда билборддордо арзан жана эффективдүү бааланат. Бул орто жана кичи бизнестерге да пайдасын тийгизет. Эң маанилүү жагы болсо шаардагы билборддорду алып салсак шаар караңгы жана көрксүз болуп калат”, – дейт Намазалы.

Жергиликтүү ишкерлер арасында каршылык жараткан долбоорду ЖК депутаттары Асия Сасыкбаева жана Дастан Бекешов жарнамалык билборддор шаардын түштүк жагындагы тоолорду тосуп жатат деген негизде иштеп чыгышып, “Реклама тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылышкан эле. Асия Сасыкбаеванын айтымында, шаарда архитектуралык курулуштар дээрлик жок болгондугуна байланыштуу табияттын кооздугу көрүнүп турушу керек.

“Билборддор абдан чоң жана көп болгондуктан, тоскоолдук жаратып жатат. Ар бир беш метр сайын жайгашкан рекламалык такталар табигый кооздукту тосуп калып жатат. Ансыз деле шаардагы архитектуралык эстеликтердин баарын талкалап бүттүк. Шаардан көрүнүп турган өзүбүздүн табигатыбыздын кооздугуна маани беришибиз керек. Ошого байланыштуу “реклама жөнүндө” мыйзамга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизели деп чечкенбиз”, – деди Сасыкбаева.

Шаар калкы эмне дейт?

Башка чоң шаарлар сыяктуу эле Бишкектин да чоң көчөлөрүндө жайнаган рекламалык такталар турат. Көпчүлүк шаардыктар билборддордун зыянынан пайдасы көбүрөөк деп эсептешет: бир жагынан маалымат берсе, экинчи жакшы жагы түнкүсүн шаарга көрк берип турат. Ошол эле учурда “рекламалык такталардын такыр кереги жок” дегендери бар.

http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/kyrgyzstan/2014/09/140915_kyrgyzstan_bishkek_advertisement

NO COMMENTS

Leave a Reply