Мектеп окуучулары, студенттер бүгүнкү күндө өндүрүштүн кардары катары кабыл алынбай билим системасынын курмандыгы болуп калууда. Бул тууралуу “Билим жана илим министрлиги сапаттуу билим берүүнүн түрткү берүүчүсүбү же тоскоолдугубу?” аталышындагы дискуссиялык аянтчада Борборазиялык эркин базар институнун өкүлү Мирсулжан Намазалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан базар шартына өткөн учурда жашоо шартка байланыштуу көптөгөн билимдүү мугалимдер, билим системасындагы кызматкерлер бизнес тармагына кетип калышкан.

“Биз билим системасында көп сандагы мугалимдерден айрылдык. Учурда билим чөйрөсү өтө оор абалда. Мектептерде тартиптүүлүк боюнча, сапаттуу билим берүү, стандарттын талаптарга жооп бере албайт. Айрым мектептерде мугалимдер окуучуга корс мамиле кылууда. Башкача айтканда,окуучулардын укуктары сакталбай келет. Студенттер жогорку окуу жайга тапшырганда жашоодогу багытын, максатын аныктоого оор болот. Ошондуктан эжей-агайлар окуучуга мектептен эле багыт берип, заманга ылайык кесиптерге тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк бериши керек”,-дейт М.Намазалиев.

Мындан сырткары, ал өз сөзүндө билим тармагында ачык-айкындык, эркин тандоо, лицензиялоо, атаандаштык чөйрөнүн болуусу окуучулардын сапаттуу билим алуусуна өбөлгө түзө тургандыгын баса белгиледи.

NO COMMENTS

Leave a Reply