Мен үчүн “мамлекеттик” деген сөз “коомго каршы” деген мааниге тете, чындыгында маңызы жагынан бул эки сөз бири-бирине каршы келет. Ал эми өзүмдүн көз карашымды түшүндүрүү үчүн тетирисинен баштасам. Менчик деген мен үчүн “коомдук” деген маанини билдирет. Жеке мекеменин өзүнүн жеке менчик ээси болот, ал түздөн-түз өзүнүн кардарларынан көз каранды. Эгерде кардарларды өзү тарта ала турган болсо, ал мекеме жакшы иштеп, өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрү ачылат, ал эми кардарларын жоготсо, анда ишинин бүткөнү. Бул базар принциби, жеке менчик компаниялардан тартып улуттар аралык корпорацияларга чейин биздин талаптарды жана талаптарыбызды канааттандыруу аркылуу акча табышат. Бир дагы компания, ал гана эмес эң чоң дегендери да, өзүнүн чыгарган өндүрүмүн бизди мажбурлоо менен сатып алдыра албайт. Эркин базарда реалдуу бийлик карапайым жарандарга тиешелүү, алар кайсы компания иштеши керек, кайсынысы иштебеши керек экенин, өздөрүнүн акча каражаттары аркылуу чечишет.

Базар – бул өзүн-өзү тескеген жана жаңырткан, адамдардын муктаждыгына жана алардын өзгөрүсүнө тез-тез жооп кайтаруучу система. Базар эффективдүүлүктү жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, жаңы технологиялардын киргизилишине, сапаттын жогорулашына, товарларды жана кызматтарды тандоого чоң түрткү берет. Базар мыйзамдары кырдаалга жараша өз шартын коёт, анын негизинде жеке менчик мекеме өзүнүн ишин коомго багыттайт жана анын каалоосунан толук көз каранды. Жеке менчик мекеме коом үчүн иштейт жана ушунун негизинде ал коомдук катары саналат.

Эми мамлекеттик сектордун иштөө принцибин карайбыз. “Мамлекеттик-коомдук” органдар жана мекемелер  көрсөткөн кызматынын сапатына жана жумуштун эффективдүүлүгүнө карабастан стабилдүү каржылоону бюджеттен алышат. Чындыгында бюджет биздин салыктардан куралат, мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик мекемелердин ишине калктын кыжыры эч кандай деле таасир бербейт, алар элдин пикирин да угуп коюшпайт, ошо себептен “коомго каршы” категориясына кирет.

Бир нече көрүнүктүү мисалды көрсөткүм келип турат. Эгерде сиз кандайдыр бир уюлдук оператордун ишине канааттанбасаңыз, сиз алардын негизги кеңсесинин жанына туруп, алардын сапатын жакшыртуу талаптарыңыз менен митингге чыкпастан, сиз жөн гана сапаты жакшы уюлдук операторду тандап аласыз. Сиз алардын кардары болуп кала беришиңиз үчүн ар бир уюлдук оператор аябай аракет кылат, себеби сиз алардын атаандашы болгон компанияга өтүр кетишиңиз мүмкүн же жөн гана байланышка төлөбөй коюшуңуз мүмкүн. Ал эми мамлекеттик органдардын мисалында алсак, сиз башка атаандашты тандай албайсыз, салыкты төлөөдөн да баш тарта албайсыз. Сизди канааттандырбаса да, сиз мамлекеттик кызмат үчүн төлөөгө мажбурсуз.

Ушундай учурда биз кантип кырдаалды жакшы жагына өзгөртө алабыз? Биринчи кезекте биз атаандаштыктын түзүлүшүнө шарт түзүшүбүз керек. Ал үчүн мамлекеттик сферадагы билим берүүнү, медицинаны, коопсуздукту камсыз кылууну ж.б. тартипке салуу керек. Жарандарга мүмкүнчүлүк бериш керек – кайда окуса да, даарыланса да жана алардын коопсуздугун кайсы уюм коргосо да, алардын иши. Башкача айтканда, көп сандагы жеке менчик мектептерди, жогорку окуу жайларын, эмканаларды, ооруканаларды, коргоо агентттиктеринин пайда болушуна мыйзамдуу жана административдик бут тосууларды жок кылышыбыз керек. Эске сала кетчү нерсе, базар биринчи кезекте бизнес үчүн эмес, жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгына карата иштейт. Чындыгында эркин базар чоң бизнес үчүн пайдасыз, анткени эркин базарда чоң атаандаштык болуп, сапаттын жогорулашына, товарга жана кызматка болгон баанын төмөндөшүнө алып келет.

Реалдуу жашоодо жеке мекемелерге коом эч кандай таасир бере албайт деген түшүнүк – бул жөн гана карама-каршылык. Базар – ар кандай көлөмдөгү мекемеге коом тарабынан көрсөтүлүп туруучу таасир, ал бир гана шарттын негизинде, эгерде ал жеке менчик болсо. Ишкердин жеке кызыкчылыгы төмөнкүдөй – ал өзүнун кылган ишин ишке ашырат жана андан пайда табат. Өзүнүн кызыкчылыгын толук кандуу ишке ашыруу үчүн, ишкер коомдун талаптарын канааттандырышы керек. Мамлекеттик сектордон коомдук талаптар аткарылбайт, анткени коом сапаты начар көрсөтүлгөн кызматтарга да төлөгөнгө мажбур. Базарда мекеме коомго керек убакка чейин гана иштейт, ал эми мамлекеттик мекемелер коомдун суроо-талаптарына карабастан, көп убакытка чейин иштеши мүмкүн. Мамлекеттик мекемелердин баардык деңгээлинде паракорлук жана ууручулук кездешет. Ал эми жеке мекемелерде мындай көрүнүш жокко эсе.

“Мамлекеттик” жана “менчик” түшүнүктөрүнүн ортосундагы айырмасын кинотеатрлардын мисалында көрүүгө болот. Кинотеатрлар мамлекеттик болгон кезде, алардын кардарларынын саны өтө аз эле. Ал кинотеатрларды жеке менчикке бергенден баштап, алар өзгөрүп, белгилүү эс алуу жана көңүл ачуучу жерлерге айланды. Бул жерде кеп каржылоодо эмес. Кинотеатрдын жаңылануусу үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн чоң каражаттар жөнү жок уурдалып кетмек. Кептин баары менчик ээсинде, себеби ал инвестициясын кайтарылуусуна жана өзүнүн менчигин эффективдүү башкарууга кызыктар, анын негизинде коомдун талаптары канааттандырылат.

Нобель сыйлыгынын лауреаттары Фридрих Хайек жана Милтон Фридман, өздөрүнүн жазган эмгектеринде, экономикалык жана тарых аргументтерин колдонуп, социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө шалаакы мамлекеттик органдарга караганда, эркин базардын оперативдүүлүгүн жана жыйынтыктуулугун далилдеп беришкен.

NO COMMENTS

Leave a Reply