Ар бир жаш улан укук коргоо органдарында иштегиси келет, себеби ал жерде иштөө – бул чоң сыймык, айлана-чөйрөңдө кадыр-баркка ээ болосун, мындан тышкары эффективдүү аткарылган жумуш үчүн айлык акынын үстүнө кошулган сыйлык акы да аласың. ИИМге калк тарабынан болгон ишеним 70% ашык. Автоунаалардын ээлери эшиктерин ачык калтыргандан коркушпайт. Түн ичинде шаардын көчөлөрүндө сейилдөө – коопсуз. Көчөлөрдө видеокамералары орнотулган күзөт унаалары менен кетип бара жаткан, дайым жылмайган ИИМдин кызматкерлери – чоң бир ишенимди жаратышат.

Бул баяндама сиздин кулагыңызга жат угулуп атабы? Мындай нерселер мүмкүн эмес дейсизби? Оюмча, мүмкүн. Жогоруда айтылып өткөн фактынын баары окурманга жакканы, мунун өзү Ички Иштер Министрлигиндеги (ИИМ) абалды өзгөртүү муктаждыгын көрсөтүп турат.

Мунун баардыгын өз орду менен түшүндүрүп берүү үчүн жөнөкөй 6 суроого жооп берсек.

Анда эмесе, биринчи суроо “Эмнеге?”. Кандайдыр бир нерсе жасаардан мурун, жасала турган иштин көйгөйүн аныктап алсак туура болчудай. Мисалы, эмнеге айдоочу өзүнүн унаасынын дөңгөлөгүн алмаштырат? Себеби алдыда кыш жакындап келе жатат, ал эми дөңгөлөктүн шиналарынын эскилиги жетип калды. “Эски” шиналар менен унааны айдап жүрүш – бул жашоого өтө кооптуу, анткени ар кандай күтүүсүз жол кырсыктарына алып келиши мүмкүн. Эмне үчүн ИИМди реформалашыбыз керек? Бүгүнкү күндө укук коргоо системасы кандай абалда экенин, баардыгыбыз беш колдой билебиз. Реформаларга эксперттик топтор, бул министрликте иштеген кызматкерлердин кай бирөөлөрү да кызыкдар, анткени алар бул системанын ички көйгөйлөрүн жакшы билишет. Мунун чындыгын коопсуздук боюнча эксперт, Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Равшан Абдукаримов ырастап келет. Бир гана эксперттер эмес, жада калса карапайым калк да милициянын көйгөйлөрүнөн беш колундай санап берет. Эл аралык Республикалык Институт тарабынан өткөрүлгөн акыркы сурамжылоолордун жыйынтыгына көз салсак, Кыргызстандын жарандары коррупцияга белчесинен баткан түзүмдөрдүн бири – ИИМ деп эсептешкен. Калктын 95% милицияны паракор катары баалашат экен. Жарандык коомдун ой-пикирин чагылдырган, ИИМди реформалоо боюнча альтернативдик концепция төмөнкүнү билдирет: “жарандар погон тагынган адамдардан коркушат, милицияга болгон калктын ишеними өтө төмөн, ал эми ички иштер органдарында болгон коррупция жөнүндө бир гана жалкоо гана айтпайт”. Мына, өзүңөр айткылачы эми, биздин “унаалардагы” шиналарды алмаштыруу зарылбы? Талашсыз!

Ал эми экинчи суроо төмөнкүдөй: “Качан?”. ИИМди реформалоо зарылчылыгы талашсыз. Биринчи кезекте убакытты жана мөөнөттү аныктап алуу зарыл. Мисалы, өтө оор абалында реанимацияга түшкөн оорукчандын өмүрүн сактап калуу үчүн качан жардам беришибиз керек? Сөзсүз, токтоосуз түрдө. ИИМди реформалоо боюнча жагдай да ушу сыяктуудай эле. Милиция системасын реформалоо зарылдыгы жөнүндөгү көйгөйлөр, суроолор тээ 2004 жылы эле көтөрүлгөн. Өзгөрүүлөр болгон, бирок түп тамырынан бери өзгөрүүлөр болгон жок. Ошондуктан, буга чейинки өзгөрүүлөрдү реформа деп атоого эч болбойт. Биз жаңылыктардан укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан адамдардын укугу бузулуп жатканын, карапайым калкка көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктарды, кармоочу жайлардагы кыйноолорду, пара алууларды ж.б.угуп келебиз. Мындан жыйынтык чыгарсак: биздин бейтап көптөн бери реанимацияда жатат жана ага карата токтоосуз чараларды көрбөсөк болбойт. Альтернативдик концепция реформаларды азыр баштоого чакырат. Атайын реформанын пландары жана так түзүмдөрү бар. Жасалган иштердин толук жыйынтыгын 3 жылдан кийин көрүүгө болот.

Мөөнөтү жана көйгөйлөрү аныкталды. Кийинки суроого өтсөк: “Кандайча?”. Бүгүнкү күндө ИИМ реформасы боюнча эки негизги кызыкчылык тобу бар. Биринчи топ реформалоонун эволюциялык жолун жакташса, экинчи топ – революциялык жолун жактап келет. Эволюциялык жолду биринчи кезекте ИИМ кызматкерлери жакташууда. ИИМдеги илим-изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров түзүмдү акырындык менен өзгөртүү керектигин айтат. Ал эми революциялык өзгөртүүнү, башкача айтканда реформага, баардык жарандык коом, эксперттер жана Альтернативдик концепциянын түзүүчүлөрү жакташууда. Кайсы топтуку жарандарга пайдалуу? Келгиле буга чейинки өзүбүздүн тажрыйбабызды карап көрөлү. 2003 жылдан бери Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму (ЕККУ) ИИМдин жетекчилиги астында уюштурулган реформалоо боюнча долбоорлорду каржылап келген. Жыйынтык? Бул аракеттен эч пайда чыккан эмес. Бүгүнкү күндө ЕККУ ресурстарды пайдалуу пайдаланганды билбеген жана эч кандай жыйынтык чыкпаган министрликке кандайдыр бир каражат бөлүүгө шашылбай калды. Милициянын ишин жакшыртуу үчүн аны түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Бейтаптын оорулуу органын канчалык тез алмаштырсак, ошончолук жакшы болот.

Акырындык менен биз реформаны ким алга жылдырат жана ишке ашырат деген көйгөйгө келдик. Бул төмөнкү суроо: “Ким?”. Эксперттик топто жана жарандык коомдо бир суроо туулат: ИИМ өзүн-өзү реформалай алабы? Өзгөртүүгө багытталган 9 жылдык тажрыйба анын мүмкүн эместигин көрсөттү. Мындан тышкары, мурунку жоболордун сакталып калышын көздөгөн адамдардын, тагыраак айтканда түзүмдүн жетекчилигин көрүп атабыз. Алар жөн гана үстүртөн оңдоп-түзөтүүлөрдү жүргүзүп, түп тамырынан бери өзгөртүүлөрдү эч каалашпайт. Ошондой эле өлкөдөгү коррупцияга белчесинен баткан түзүм реформалоого кызыкдар эмес, анткени ал “расмий эмес пайдадан” кур калышы мүмкүн. Көз карандысыз эксперт Равшан Абдукаримов жана Альтернативдик концепциянын бардык жактоочулары төмөнкүнү белгилешет: реформаларды өткөрүү мамлекеттик биринчи даражадагы адамдардан аябай көз каранды. Өзгөрүүлөргө чечкиндүүлүк абзел. Альтернативдик концепциянын негизине ылайык, реформанын жүрүшүн өлкөнүн премьер-министри колго алышы керек, себеби реформаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн анын колунда керектүү баардык мүмкүнчүлүктөрү бар.

Кийинки суроо: “Эмне?”. Биз эмне кылганы жатабыз? Бейтапты дарылоонун бир нече түрү бар: мисалы, дары-дармек менен дарылоо же хирургиялык кийлигишүү жолу аркылуу. Бейтаптын абалына, дартына жана башка көрсөткүчтөрүнө карап, дарыгер ылайыктуу ыкманы тандайт. Ал эми ИИМдин жагдайын алсак, анда Альтернативдик концепция – эң эле туура келген ыкма болуп турат. Эмнеге? Биринчиден, бул Концепцияны иштеп чыгууда жарандык коомдун өкүлдөрүнөн баштап, ИИМ системасын тоолук түшүнгөн, мурда жана азыркы убакта иштеген кызматкерлердин катышуусунда жаралган. Экинчиден, ийгиликтүү реформалар жасалган эларалык тажрыйбалар жана конкреттүү учурлар колдонулган. Үчүнчүдөн, концепцияны түзүүдө Кыргызстандагы өзгөчөлүктөр эске алынган. Кыскасы, Альтернативдик Концепция бул атайын кадамдар менен ишке ашыруудагы реформа.

Альтернативдик концепция тууралуу кененирээк

Концепциянын негизине ылайык, биринчиден ички иштер кызматкерлеринин ишин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук базаларын Конституцияга жана адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга жооп бергендей кылып тууралашыбыз керек.

Экинчи пункт катары ички иштер органдарынын башкаруу системасын жакшыртуу жана түзүмдөрүн кыскартуу – тагыраак айтканда, ИИМ кызматын жарандык жана адистештирилген кылып бөлүү зарыл. Биринчисине Министрликтин секретариаты, укук коргоо системасына көмөк көргөзүүчү Департамент жана тартип бузууларды профилактикалоо департаменти кирет; экинчисине – полиция департаменти. Ал эми жетекчилик жөнүндө айта турган болсок, анда долбоорго ылайык, министр жана анын орун басарлары жарандык адамдардын катарынан шайланат, алар оперативдик жана тергөө амалдарына кийлигише алышпай турган болушу керек.

Жаза аткаруу башкармалыгын өз алдынча пенитенциардык орган катары ИИМ түзүмүнө кайтаруу сунуш кылынып жатат, андан тышкары, убактылуу кармоочу жайларды жаза аткаруу башкармалыгына өткөрүп берүү зарыл. Жол кыймылынын коопсуздук башкармалыгын жоюп, анын негизги функцияларын башка түзүмдөргө өткөрүп берүү.

Концепциянын негизине ылайык ИИМдин толук курамы штаттан чыгарылып, кызматкерлерди жаңы критерийлер менен кабыл алуу иш-чарасы жүргүзүлөт. Кадр саясатын жакшыртуу үчүн ИИМ кызматкерлери конкурстук негизде (психофизикалык абалын, жеке маалыматтарын, билимин жана жакын туугандарын текшерүү, тестирлөөдөн өткөзүү, аңгемелешүү) бул системада иштегиси келген жарандардын арасынан кабыл алынат. Укук коргоо органдарынын катарын  жаңы кызматкерлерди жашоо шартын жакшыртчу пакеттер менен тартуу зарыл: мисалы, үй менен камсыз кылуу, маяна, иштеген ишинин жыйынтыгына жараша сыйлык жана сыйакы менен камсыз кылуу керек.

Бул долбоордо өзгөчө көңүл муктаждыкка бурулат, башкача айтканда убакытка жараша иш кылуу зарыл. Ага электрондук документ жүргүзүү, инновациялык ыкмаларды жана инструментарийлерди кийирүү, ИИМдин беделин көтөрүү үчүн атайын саясат жүргүзүү ж.б.

Санаториялык-курорттук мекемелерди, ателье жана башка ИИМ активдерин мамлекеттен ажыратуу зарыл. Кабыл алуу-бөлүштүрүү жайлары жергиликтүү өзүн-өзүү башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет. Ички аскерлер жоюлуп, ИИО колдоо функциялары Улуттук Гвардияга өткөрүлүп берилет. Аутсорсингдин негизинде жеке же коомдук уюмдар тарабынан кээ бир функциялар, анын ичинде полицейлерге психологиялык жардам көрсөтүү, социологиялык сурамжылоолор өткөрүлөт.

Жыйынтыктоочу суроо: “Кайда?”. Бул реформалар кайда алпарат? Реформанын жыйынтыктары эч кимди кош көңүл калтырбайт. Бул анализдин биринчи абзацы буга күбө. Кыргызстандын бул кыялды болтуруу үчүн баардык мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары бар. Көп мисалдар бар, мисалы Эстония, Грузия мындай реформаларды иш жүзүнө ашырышкан. Биздин эмнебиз кем экен? Азыркы учурда Кыргызстандын аларга караганда көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар. ИИМди реформалоо боюнча альтернативдик концепция ишке ашуусу керек. Эң акыркы тандоо кызматтарды колдонуучулардын колунда. ИИМ кызматкерлерин сиз өзүңүздүн жана балдарыңыздын өмүрүнө коопсуздук жараткан коркунуч катары көргүңүз келеби? Же паракор эмес, зомбулук жана башка адам укуктарын бузбаган коопсуз жерде жашагыңыз келеби? Ал өзүңүздүн тандооңуз…

Мирсулжан Намазалиев,

CAFMIнин башкаруучу директору

14 май 2012

NO COMMENTS

Leave a Reply