Акыркы жылдары коррупцияга каршы чечкиндүү кадамдар жасалды. Кетирилген кемчиликтерге, тоскоолдуктарга карабастан коррупцияга катуу сокку урулду, деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-ноябрда өтүп жаткан КР Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында.

Анын пикиринде, коррупционерлердин, уурулардын далбастап, каршылык көрсөткөнү – мунун ачык далили. «Кыргызстанда мындан ары күнөөсү аныкталса, кол тийбес аткаминер болбосун көрсөттүк. Кыргызстанда коррупционерлер эртеби-кечпи өз жазасын алаарын түшүнүп калды», – деди президент.

Ал кошумяалагандай, «Коррупцияны кабылдоо индекси» эл аралык рейтинги боюнча Кыргызстан бир жылда ордун 10 пунктка жакшыртып, учурда 154-орунду ээлеп турат.

NO COMMENTS

Leave a Reply