kg

Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн көптөгөн социалдык шарттар аткарылбай, экономиканын өнүгүшүнө бир топ бут тосууларды жаратууда. Арабаны атка сүйрөтпөй, атты арабага сүйрөттүк

 

 

д

Кыргызстандын азыркы таптагы эмгек кодекси эскирип калган жана заманбап бизнестин талаптарына жооп бербейт. Жумуш алакаларында сейрек колдонулуп, өзүнчө бир жашоодо жашаган сыяктанат. Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн көптөгөн социалдык шарттар аткарылбай, экономиканын өнүгүшүнө бир топ бут тосууларды жаратууда. Арабаны атка сүйрөтпөй, атты арабага сүйрөтүп атабыз, башкача айтканда, биз жумуш берүүчүдөн мүмкүн эмес нерселерди талап кылып жатабыз. Андан көрө ишкерлердин бизнесинин өнүгүүсү үчүн аларга жакшы шарттарды түзүп берсек, анын аркасы менен жумушчуларга да жакшы шарттар түзүлөт эле да. Ушундай жолду көптөгөн өнүккөн өлкөлөр тандашкан. Биз канча жолу себеп менен натыйжаны алмаштырып келебиз.

 

Мыйзамсыз эмгек мамилелеринин себептери

 

Базар экономикасында эмгек – бул товар. Мындай учурда жумушчу эмгек сатуучу катары, ал эми жумуш берүүчү сатып алуучу катары каралат. Эмгекти сатып алуу – сатуу процессиндеги келишимдин шарттары – бул жумушчу менен жумуш берүүчүнүн жеке иши. Демек, бул процессте мамлекеттин ролу минималдуу болушу керек. Эмгек мамилелеринин интенсификациясын, өндүрүштүн өсүшүн жана жеке сектордун ийкемдүүлүгүн жөнгө салууда, көп терс жактарын тийгизет.

 

Жалданган жумушчулардын укугун жана коопсуздугун коргогонго аракет кылбайлы, бул эч кандай деле жыйынтык бербейт. Ишкерге мыйзамдуу түрдө эмгек кодексинин негизинде иштөө пайдасыз болсо, ал сөзсүз түрдө көмүскөдө иштегенге аракет кылат. Азыркы убакта көптөгөн ишкерлер менен жумушчулардын ортосунда эмгек келишимдери түзүлбөйт, ушунун кесепетинен экономиканын көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизип, эл аралык коомчулуктун алдында өзүбүздүн кадыр-баркыбыз төмөндөп жатат. Кыйын жана эч бир бөлүгү аткарылбаган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси чоң-чоң эл аралык инвесторлорго коркуу сезимин жаратууда, себеби алар өздөрүнүн кадыр-баркын сактоо менен бирге мыйзам чегинде гана иш алып барышат.

 

Жакшы ойлор менен жумушсуздукка жол төшөп бердик

 

Ишкер жумушчуларды расмий түрдө жалдай алабы, эгерде азыркы сунуш этилип жаткан жана колдонуудагы эмгек кодекси боюнча, ишкер жумушчуларын кыскартам десе, эки ай мурун эскертиши жана кыскартылгандан кийин бир айлык эмгек акысын эки эселеп төлөп беришинин талап кылынаарын билеби?

 

Аялдарды коргоого багытталган Эмгек кодексинин беренелери, тажрыйбада аларга каршы иштеп жатат. Аялдарды расмий түрдө жумушка алуу – бул ишкер үчүн пайдасыз, себеби, боюнда бар аялдар каалаган убагында ишкер тарабынан төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө кетип калышы мүмкүн. Боюнда барлардын эмгек өргөөсүнө чыгуусун камсыз кылуудагы башка түрлөрүн караганга туура келүүдө, анткени ишкер аялдарды жалдоодо бул шарттар тоскоол болбошу керек.

 

Эмгек кодексинин жаңы долбоорунда негизсиз жөнгө салуулар сакталып калган. Мисалы, кечки убактагы иштелген жумуштун ар бир саатынын акысы бир жарым эседен кем болбошу зарыл. Эгерде жумушчу кечки убакта күндүзгү эмгек аксынын чени менен иштөөгө макул болсо, бул учурда мамлекет тыюу салышы керекпи? Натыйжада ушундай ченемдердин айынан  жумушчу жабыр тартып калып жатпайбы.

 

Эмгектеги бюрократизм

 

Азыркы эмгек кодексинде жана анын жаңы долбоорунда эмгек китепчеси (трудовая книжка) сакталып калган – бул дагы бир совет доорунан калган эскирген калдык жана бюрократиялык кайдыгерлик. Аныктоочу салык номуру болгон соң эмгек китепчесинин зарылдыгы жоюлат. Жумушчунун укугун коргоо куралы катары, эмгек келишими эмгек китепчесине караганда көбүрөөк эффективдүү. Эмгек китепчеси жоголуп кетиши мүмкүн, аны кайра калыбына келтирүү өтө кыйын нерсе. Эң биринчи эмгек китепчеси күбөлүк каты катары колдонулуп келген жана 1920-30 ж.убагындагы Советтик Россияда азык-түлүк карточкасын алууга укук берип келген.

 

Эгерде эмгек мамилелериндеги субъекттердин сүйлөшүү процессине мамлекет кийлигишпесе, анда кийинки бөлүктөрдү: эң төмөн айлык акыны жана мөөнөттөн ашык иштин сааттарына сөзсүз түрдө төлөнчү кошумча төлөөнү мыйзамдуу түрдө каттабаса, өзүнүн маанисин жоготуп коёт. Ишкер менен жумушчунун ортосундагы мамиле бирдей укуктуу шартта түзүлүшү керек, ошол эле учурда эки жактын тең артыкчылыктары болбошу керек. Практика жүзүндө ишкер тарапка оосо, анда эмгек мамилелери мыйзамдын чегинен чыга баштайт.

 

Эмгек кодексинде артыкчылык жеке контракка берилиши керек, анткени ал өтө ийкемдүү жана эки тарапка тең пайдалуу сүйлөшүү ыкмаларынын негизинде, эмгек мамилесиндеги эки жакты тең канааттандырат. Жалдоонун көбүрөөк пайдалуу шарттарына жалдана турган жумушчу кызыкдар, ушундай сүйлөшүү учурда эмгек кодекси ар кандай тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн.

 

Статус-кво ким үчүн пайдалуу

 

Профсоюз – коомдук институт катары өзүн эчак эле жок кылган жана канчадан бери жумушчулардын кызыкчылыктарын коргобойт. 2009 жылы ишкерлерди Кыргызстандын Профсоюз федерациясы (КПФ) тарабынан башкарылган Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондунун (ЭДЧФ) жумушчуларынын айлык акысынын 0,25% төлөөнү милдеттендирген. ЭДЧФга болгон чегерүүлөр мыйзамсыз болгон, себеби КПФ – бул коомдук, мамлекеттик эмес уюм жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасына кирбейт. 2009 жылдын 1-июлунан 2011 жылдын 31-декабрына чейинки убакта, ЭДЧФ тарабынан 265 млн. сом  чогултулган. 2012 жылдын 10-февралында өкмөт тарабынан ЭДЧФ КРнын Социалдык фондунан чыгарылып салынды. Эми чечүүчү учур парламенттин колунда.

 

Эмгек мамилелеринин статус-квосун сактоо же “жөнгө cалуу” ишкер үчүн да, жумушчу үчүн да пайдалуу эмес. Көмүскөдөгү эмгек мамилелерин “Көздү жумду кылуу” менен, кээ бир топтор ушундай кырдаалдан пайдаланып киреше табышат.

 

Эмгек кодексинин биринчи долбоорунда эмгек мамилелеринин катышуучулары ортосунда жалдоо шарттарын аныктоодо эркиндиктер берилген. Кызыкдар болгон адамдар менен макулдашылган бул долбоордун акыркы жыйынтыгы, азыркы колдонуудагы эмгек кодексинен эч айырмасы жок болуп калды.

 

Аягында жалпы сөз менен айтканда

 

Белгилеп кетчү нерсе, чоң эл аралык компаниялардын өздөрүнүн жумуш графиги жана жумуш акы төлөө стандарттары бар. Ошентип, ашыкча сунушталган эмгек кодексинин долбоору чоң инвесторлор үчүн биздин өлкөнүн эшигин жаап коёт. Ал эми либералдык эмгек кодекси, арзан жумуш күчү менен биригип, өлкөгө инвестиция тартууда олуттуу артыкчылыктарды бермек.

 

Ишкерге көбүрөөк социалдык жеңилдиктер берилсе, ал өз учурунда аз сандагы жумуш ордун жана айлык акысын сунуш кылат. Социалдык жеңилдиктер компаниялардын арасында атаандаштыкты күчөтүүчү табигый эмес жолдогу тартиптин негизинде эмес, эволюциалык жол менен таркашы керек. Мисалы, эркин эмгек мамилелериндеги башкы баштоочулар – АКШ, Дания жана Сингапур. Ушул өлкөлөрдөгү эмгек шарттары Кыргызстандыкынан начарбы? Ишкердин социалдык жоопкерчилиги – бул жаңы жумуш орундарын түзүү жана жумушчулардын айлык акысын көтөрүү менен өзүнүн бизнесин өнүктүрүү.

 

 

CAFMI, 30 март 2012

Бишкек, Кыргыз Республикасы

NO COMMENTS

Leave a Reply