Кыргызстандын деңизге чыкчу жолу жок болгондугу азыркы убакта олуттуу деле тоскоолдук эмес. Географиялык жактан евразия континентинин так ортосунда жайгашканыбызга кошумча, ачык асман саясатын ишке киргизүү бизге атаандаштык артыкчылык түзөт берет.

Ачык асман саясаты – бул эрежелерди жана эл аралык авиаиндистрияны, өзгөчө коммерциялык авиацияны – башкарууну либералдаштырууга багытталган эл аралык концепция. Башкача айтканда, авиаиндистрия үчүн эркин базар түзүү жана өкмөттүн эл аралык авиацияга кийлигишүүсүн төмөндөтүү дегенди түшүндүрөт.

Ошондой эле авиакомпаниянын маршруттарын аныктоодо, учактарды белгилөөдө, алардын көлөмү, билеттеринин наркын жана жүк ташуулардагы чыгарган чечимдерине өкмөттүн кийлигишпөөсүн билгизет.

Бул саясаттын негизги пайдасы: авиабилеттердин баасын төмөндөтүү, авиа билдирүүлөрдү бекемдөө, атаандаштыкты жана авиа кызматтын сапатын жогорулатуу, учактардын санын арттыруу, баардык адамдар үчүн, өзгөчө соода жана туризм секторунда алектенгендердин чыгымдарын азайтуу ж.б.

Акыркы 32 жыл аралыгында жолдорду башкарууда бир топ өзгөрүүлөр болду. Кошмо Штаттары ачык асман саясатын 1979 жылдан тартып ишке киргизишкен, бул авиабилеттерге жана дүйнө жузү боюнча жүк ташууларга болгон баалардын төмөндөшүнө, натыйжада эл аралык жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн көбөйүшүнө алып келген. Кыргызстан бир беткей тартипте ачык асман режимин ишке ашырса, жарандык авиациядан тез убакыттын ичинде пайда көрө алат, ал эми эки тараптуу сүйлөшүүлөр көп убакытты талап кылат жана дайыма натыйжалуу боло бербейт.

Арзан билеттерди чектөө

Авиабилеттердин баасынын азайышын жана аэропортубуздун сапатынын жогорулоосун бардык эле кыргызстандыктар каалашса керек. Тилекке каршы мамлекеттик саясаттын парадоксу ушул мүмкүнчүлүктөрдү чектөөдө жатат.

Кыргызстан жана башка мамлекеттер аралык аба ташымдары эки тараптык өкмөттөр аралык келишимдер аркылуу ишке ашып, эки жактын авиакомпанияларынын маршруттары менен рейстердин саны бюрократиялык структуралар аркылуу чечилип келет. Кыргыз Республикасынын территориясы аркылуу өткөн жүргүнчү жана жүк ташуучу аба транспорттору сөзсүз лицензиядан өтүүгө муктаж. Лицензия берүүдөгү сүйлөшүү процесстери таза эмес жана атайын созулуп дагы келет. Баардык талаптардын аткарылганына карабастан, лицензияны бербей да коюшу мүмкүн.

Советтер Союзунан бери калган ушундай эски система, Манас аэропортундагы өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу колдонууга жана анын өнүгүүсүнө бут тосууда. 2010 жылдагы кээ бир маалыматтарга ылайык Кыргыз Республикасындагы регулярдуу рейстердин жалпы жол жүрүүчүлөрүнүн саны 656 миң жол жүрүүчүнү түзгөн, анын 73% эл аралык рейстер жана 27% ички рейстер түзгөн. Алматы шаарынын аэропорту буга салыштурмалуу 2010 жылы 3 млн. ашык жол жүрүүчүлөрдү тейлеген. Жогорку атаандаштыктын аркасында жүк ташуучулар арасында бир эле багыттагы Бишкек аэропортунун билеттерине караганда, Алматы аэропортунун билеттери орточо эсеп менен 30-40% арзан.

Дүйнөлүк чечим

Дүйнө жүзүндөгү көп тараган тажрыйбаны эми Орусиядан кездештирүүгө болот. Орусияда мурун болуп көрбөгөн ачык асман режимин ал өлкөнүн транспорт министрлиги Владивосток аэропортунда ишке киргизди. Эми каалаган чет элдик жүк ташуучу Орусия мамлекети менен болгон аба каттамдар туураалуу келишимдерсиз эле уча алат. Мурда болсо чет элдик авиакомпаниялар бир мамлекетке өкмөт аралык келишимдердин чектөөлөрүнүн негизинде уча алышчу, ал эми ортодогу конуулар – бир гана май куюу үчүн (жол жүргүнчүлөрүн түшүрүү-отургузууга жана жүктөрдү түшүрүүгө-салууга тыюу салынат) жүргүзүлүп келген. Ачык асман саясатын ишке киргизгенден кийин, Владивосток аэропортунда транзиттик конуу убагында авиакомпаниялар ар кандай операцияларды, анын ичинде жол жүргүнчүлөрүн түшүрүү жана бортко алуу сыяктуу аткарууга мүмкүнчүлүк алат.

“Ачык асман” дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерде ар кандай түрлөрүндө ийгиликтүү тажрыйбаланат, ошонун ичинде АКШда, Гонконгдо, Түштүк Кореяда, Сингапурда, Малайзияда (АСЕАН мамлекеттеринде), Грузияда, жана ошондой эле Европа Союзунун өлкөлөрүндө. Бир гана мисал: Сеул аэропорту (Түштүк Корея) ачык асман режимин ишке киргизип, транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн негизинде, он жылдын ичинде жол жүрүүчүлөрдүн санын эки эсеге көтөрө алган – 18 млн.дон 36млн.го чейин, ал эми транзиттик жол жүрүүчүлөрдүн саны – 5млн.дон 28 млн.го жеткен.

Аба билдирүү эрежелеринин либерализацияланышы, аэропорттун өнүгүүсүнө таасир этүүчү негизги факторлордун бири болуп саналат. Акыркы убакка чейин, дүйнө жүзүндөгү көп аэропорттордун өнүгүүсүнө эл аралык аба билдирүүлөрүндөгү эки тараптуу келишимдер жолтоо болуп келген, анткени рейстердин саны жана кайсы аэропортко кандай авиакомпаниялар уча алат деген маселелер, ушул эки тараптуу тартиптин негизинде башкарылып келген. Либерализация чараларынын негизинде, жүк ташуучулардын аэропортторду тандоодогу эркиндиги жана каражат табуу үчүн аэропорттордун мүмкүнчүлүктөрү пайда болду.

Туристтик компаниянын президенти Эмиль Уметалиев көп жылдан бери ачык асман режимин ишке киргизүү үчүн далилдеп келе жатат: “Эмне үчүн Манас аэропортун транзиттик центр катары колдонууга болбойт? Кыргызстанда чоң авиакомпаниялар жок, тышкы атаандаштыктан коркпой деле койсо болот, демек, максатка ылайык ачык асман саясатын сунуш кылууга болот. Башка мамлекеттерге учуу үчүн биздин аэропортту колдонууга көбү кызыгышат. Биздин аэропорттон учууга жана аны колдонууга башка мамлекеттердин авиакомпанияларын чакырышыбыз керек, себеби ушундай жол менен гана реалдуу ачыктыкка жетебиз, дуйнөлүк экономика менен биригүүгө жана туристтердин санын көбөйтүүгө мүмкүн болот”.

Өзгөрүү жолунда

“Ачык асман” режими, дуйнөлүк авиа жүк ташыгычтарына аба майданында чектөөсүз учууга жол ачат жана жүргүнчүлөрдү түшүрүү-отургузуу үчүн конууга, жана ошондой эле жүктөрдү салууга-түшүрүүгө мүмкүндүк берет. Башка сөз менен айтканда, бул:

  • Кыргызстандын эл аралык аэропортторунун, ошондой эле аэропортторду, авиакомпанияларды, жүргүнчүлөрдү тейлеген ишкана жана жеке тараптардын кирешесин жогорулатат, бул деген мамлекеттин бюджетке салыктын түшүшүн билдирет сөз.
  • Кыргызстанга учуп келген жана учуп кетип жаткан жарандардын билетке жана жүгүнө кеткен чыгымдарын кыскартуу.
  • Дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаш көп авиакомпаниялардын арасынан тандоо
  • Кыргызстандан кетүүчү багыттарды жана Кыргызстанга келүүчү багыттарды көбөйтүү.

Жогоруда айтылгандар – “ачык асман” режиминин бир гана бөлүгү. Бул саясатты ишке ашыруу үчүн каражат талап кылынбайт, тескерисинче чыгымдарды кыскартат. Өнүккөн өлкөлөргө визаны алып таштоо менен бирге, ачык асман саясаты туристтердин жана жүргүнчүлөрдүн келүү агынын жогорулатат, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жаңы импульс берет.

CAFMI, 15 декабрь 2011

Бишкек, Кыргыз Республикасы

NO COMMENTS

Leave a Reply