Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жол картасынын долбоорун жактырган чечим кабыл алды. Эми бул расмий документ Жогорку Кеңештеги комитеттердин талкуусунан өткөн соң, ушул айдын соңунда Астана шаарында өтүүчү аталган биримдикке кирген мамлекет башчылары катышкан саммитте кол коюлары күтүлүүдө.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА
Ал кошумчалагандай, Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден тартып буудай, күйүүчү май, көмүрдү биримдикке кирген өлкөлөрдөн импорттойт. Ал эми өлкөдөн электр энергиясы, айыл чарба продукциялары, кийим-кечелер сыртка экспорттолот. Ошол эле учурда үчүнчү өлкөдөн кирген товарларга баа кымбаттайт. “Биздин соодадагы негизги өнөктөшүбүз – Казакстан менен Орусия. Бул эки өлкөдөн башка жерде рыногубуз жок. Бизде өндүрүлгөн товарлардын өңчөй бөлүгү да дал ушул эки өлкөгө импорттолот. Эгерде биримдикке кирбей койсок, экономикабыз үчүн абдан эле жаман болот. Мына, казактар чек арасын бекемдеп койду эле, “Дордой” базарында соода токтогондугу дароо таасир берди”,-деп кошумчалады Т.Сариев.

БИРИМДИККЕ КИРҮҮ БОЮНЧА БИРДИКТҮҮ ПИКИР ЖОК
[plain]Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча 2011-жылы арыз жолдогондон тарта коомчулукта түрдүү маанайдагы пикирлер айтылып келет. Кыргыз расмийлери Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары сакталган учурда гана бул биримдикке кирерин айтса, каршы болгондор экономикалык жактан олуттуу зыян тартып, биримдикке кирген башка өлкөлөрдүн жетегинде калуу коркунучун байма-бай эскертип келишет. Каршы пикирин билдирип келе жаткандардын бири, Борбор Азиядагы эркин базар институтунун директору Мирсулжан Намазалиев. “Бажы биримдиги тууралуу сөз козголгондо мунун коркунучтары жөнүндө көп сөз болбойт. Себеби бийликтегилер муну геосаясий маселе катары карап, экономикалык тармагын көмүскө калтырып жатышат. Мисалы, Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу уюмдарга мүчө болгон. Алардын түздөн-түз жарандарга таасири жок. Эгерде Бажы биримдигине кире турган болсок, бул уюмдун биздин жарандарга түздөн-түз таасири тиет. Баарынын эсинде 2010-жылы электр жарыгына жана байланыш кызматына баалар бир аз эле көтөрүлгөндө эл кандай толкуду эле, мунун арты эмнеге алып келди? Эми бардык товарлардын баасы көтөрүлөт. Өзгөчө мындай жагдай калктын жакыр катмарына катуу сокку урат. Анткени, алар кайсы товарга акчасы жете турган болсо, ошону алат, башкача айтканда арзан товарды алат”,-деди М.Намазалиев.[/plain]

“ЖОЛ КАРТА” ДЕГЕН ЭМНЕ?
Кыргызстандын аталган үчилтикке кирүүсүнүн механизмдерин иштеп чыккан, биримдикке кирген мамлекеттердин келишимин камтыган расмий документ болуп саналат. Экономика министрлиги билдиргендей, жол карта 182 пункттан турат. Аны кабыл алгандан кийин 90го жакын нормативдик документтерге, анын ичинде 30га чукул мыйзамга өзгөртүү киргизилмекчи. Ал эми 182 пункттан турган жол картанын долбоорунда мыйзамдарды уюмга шайкеш келтирүүдөн сырткары, үчүнчү өлкө болгон: Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен чек ара бекеттеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо милдети каралган. Ошондой эле бүткүл дүйнөлүк соода уюму менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, өнөр жай жана азык-түлүк товарларын Бажы биримдигинин техникалык регламентине шайкеш келтирүү жобосу да бар.

БАЖЫ БИРИМДИГИНИН ТАРЫХЫ
– 2007-жылы 6-октябрда Бажы биримдиги түзүлгөн;
– 2010-жылы 1-январдан тарта Бажы биримдигинде бирдиктүү бажы төлөмдөрү иштей баштаган;
– 2011-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Кыргызстан аталган уюмга кирүүгө арыз берген;
– 2011-жылы күзүндө Евроазиялык Экономикалык Биримдик (ЕвраАЗЭС) өлкөлөрүнүн премьер-министрлери тарабынан Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү чечимин кабыл алган;
– 2014-жылы 12-майда өкмөт Бажы биримдиги боюнча жол картанын долбоорун жабык эшик артында талкуулап, соңунда жактырган чечим кабыл алды.

NO COMMENTS

Leave a Reply